Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2-июндан тартып оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев кѳчѳсүнүн бир бѳлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Аталган иштер "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында Бакаев (Чапаев) кѳчѳсүнѳн Тыналиев кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүндѳ жүргүзүлүп, 1-августка чейин улантылат.
Шаардык транспорт башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, аталган бѳлүктѳгү оңдоо иштерине байланыштуу №: 147, 130, 118, 264, 203, 202, 188, 170,157,159, 148, 101, 100 кичи автобусттук каттамдардын жүрүү схемасы дагы ѳзгѳртүлдү. Аталган маршуттук каттамдар Тыналиев, Псковская (кайтып келе жатканда Поваринская кѳчѳсү боюнча), Айни, Бакаев, Ахунбаев кѳчѳлѳрү, андан кийин ѳзүнүн жүрүү схемасы менен каттайт.
Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды ѳтүнѳт. Ошондой эле, айдоочулардан алдын ала жол тандап алууларын суранат.
Условное обозначение
Закрытый участок
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |