ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы агрономдор менен биргеликте Масалиев көчөсүндөгү Айтматов проспектисинен Ала-Арча суусуна чейинки аралыктагы өсүп жаткан жаш көчөттөргѳ  мониторинг жүргүзүштү.

Мониторинг жүргүзгөн адистердин айтымында, бак-дарактардын көбү былтыркы кышта болгон суук аба-ырайына жана температуранын туруксуздугуна карабастан жаңы отругузулган жерге жеңил көнүп, бүчүр байлап кетти.

Бүгүнкү күнү 900 даана отургузулган көчөттөрдүн ичинен 28 бак алмашылды. Жанданбай калуусу боюнча стандарттык отургузулуучу материалдын үлүшү 15 % түзүп, ага салыштырмалуу куурап калган ири өлчөмдөгү бактардын үлүшү 3 % түздү.

«Бишкек жашыл чарба» ишканасы менен көчөттөрдү алып келген «Арт Грин», «АГТ Азия»  жана «Зиар Строй» компаниялардын отросунда түзүлгөн келишимге ылайык, алынып келинген отургузулуучу материал үчүн жоопкерчилик  бак-дарактарды камсыз кылган компанияга  жүктөлгөн. Компания отургузулган күндөн тартып 12 айдын ичинде куурап калган бак-дарактар алмаштырат.

Белгилеп кетсек, ири өлчөмдөгү көчөттөрдү жеткирүү боюнча тендерге катышкан бардык компаниялар өсүмдүктөрдү жеткирүү боюнча тажрыйбасы жана тиещелүү квалификациялык талаптарын эске алуу менен тандалып алынган.    

Эскерте кетсек, 2017- жылдын  күз айларынан баштап «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы биринчи жолу  жабык тамыр системасындагы ири өлчөмдөгү бактарды оругузуу тажрыйбасын баштаган.

Жалпсынынан шаардын ар кайсы аймактарында 2 миң 875 көчөт отургузулган. Анын ичинен көбүрөөгү Түштүк  магистралга отургузулган.

 

Жаңылыктар