Калаанын кафелеринин биринде Бишкек шаарынын мэриясынын атынан ардегерлерге Ата-Мекенди коргоо күнүнө арналган майрамдык түшкү тамактануу уюштурулду.

Майрамдык дасторконго Улуу Ата-Мекендик согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана шаардык ардагерлер кеӊешинин активисттери катышты.

Ардагерлерди Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев куттуктап, бекем ден соолук, ачык асман жана бакубат жашоо каалашты.

Шаардык мэрия тарабынан ардагерлерге 1 миӊ сом өлчөмүндөгү бир жолку материалдык жардам тапшырылды. Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, Ленинград блокадачыларына почта бөлүмү аркылуу 1 миӊ сомдон материалдык жардам көрсөтөт.