Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн: башкы адиси  – 1 штаттык бирдик (С-Б), жетектөөчү адиси – 1 шаттык бирдик (М-А), адиси – 1 шаттык бирдик (М-Б).

Бардык административдикмуниципалдык бош кызмат орундарына коюлуучу

жалпы квалификациялык талаптар:

ü  Кыргыз Республикасынын жараны;

ü  сот жообуна тартылбаган;

ü  курагы - 18 жаштан жогору.

ü  кесиптик билими;

ü  административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасы;

ü  кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөндөгү ченемдик укуктук актыларды билүү: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” ,  “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдары;  

    -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы” билүү;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Башкы адис – 1 бирдик.  Улук кызмат орду (С-Б)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- кыргыз филология багыты боюнча жогорку билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө  3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдарын;  

    -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы”;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- мекеменин компетенциясына тийиштүү ЧУАлардын долбоорлорун  

  иштеп чыгуу;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-  ишти натыйжалуу пландаштыруу;

  - компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү;

  - мамлекеттик тилди окутуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча курстарды, сабактарды, семинарларды өткөрүү, уюштуруу жана катышуу;

- мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду ж.б. иш-чараларды өткөрүү, уюштуруу жана катышуу;

-мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү;

- расмий тилдеги тексттерди мамлекеттик тилге өз убагында жана сапаттуу которууну камсыз кылуу.

 

Жетектөөчү адис – 2 бирдик.Кенже кызмат орду (М-А)

1.  Кесиптик билимдин деңгээли:

- кыргыз филология багытындагы жогорку кесиптик билим же кыргыз филология багытындагы орто кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт .

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” , “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”  мыйзамдарын;  

    -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы”;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

- командада иштөө.

Көндүмдөрү:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө, аларды практикада колдонуу;

  - компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү;

 - мамлекеттик тилди окутуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча курстарды, сабактарды, семинарларды өткөрүү, уюштуруужана катышуу;

- мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду ж.б. иш-чараларды өткөрүү, уюштуруу жана катышуу;

-мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү;

- расмий тилдеги тексттерди мамлекеттик тилге өз убагында жана сапаттуу которууну камсыз кылуу.

 

Адис– 1 бирдик.Кенже кызмат орду (М-Б)

1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- кыргыз филология багытындагы жогорку кесиптик билим же кыргыз филология багытындагы орто кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт .

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарын,   

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы”;

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин  натыйжалуу пландаштыруу;

- иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;

- иш көктөмөлөрдүн туура түзүлүшүнө жана таризделишине, сакталышына көзөмөл жүргүзүү;

- документтерди архивге өткөрүүгө даярдоо;

- командада иштөө.

Көндүмдөрү:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- мекеменин иш кагаздарын жүргүзүү;

- мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду ж.б. иш-чараларды өткөрүү, уюштуруу жана катышуу;

 - расмий тилдеги тексттерди мамлекеттик тилге өз убагында жана сапаттуу которууну камсыз кылуу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтерди тапшыруу керек:

- арыз (бош кызмат ордун көрсөтүү менен);

- кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы сүрөтү менен;

- таржымал;

- өмүр баян;

- кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин, дипломдун, квалификацияны жогорулатуужөнүндө, илимий наамды жана даражаны ыйгаруу  жөнүндө ж.б. билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү нотариус же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн);

- КР ИИМден соттолбогондугу  жөнүндө маалым кат;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген жеринен сунуштама кат.

Документтерди иш көктөмгө тиркеп (байланыш телефондору жана дареги так көрсөтүлүшү керек), Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнө 2017-жылдын 27-ноябрына (саат 17.00гө) чейин тапшыруу керек. Дареги: Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү-17, 3-кабат, 31-43-иш бөлмөлөр. Байланыш телефондору: (0 312) 51-44-17, 51-44-30.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана сынакка катышууга чакырылат.

Кошумча маалыматтар Бишкек шаарынын мэриясынын (http://old.meria.kg), КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын (http://www.mkk.gov.kg) сайттарына жайгаштырылат.