ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитет Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарынын улуттук тамак-аштары, каада-салттары жана өндүрүш ишканаларынын көргөзмөсүнө чакырат.

Көргөзмө 1-октябрга чейин саат 9:00дон 17:00го чейин Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Көргөзмөгө Өзбекстандын шаарларынын 200 дөн ашык өндүрүш ишканаларынын  өкүлдөрү, анын ичинде 100 компания Ташкент шаарынан жана 30 катышуучу Андижан, Наманган жана Фергана шаарларынан катышат.


Аталган көргөзмөдө 1 миӊден ашык буюмдар, курулуш материалдары, жуучу каражаттар, тигүү жана кондитердик буюмдар, идиштин түрлөрү, эмеректер, бал азыктары жана кийимдердин түрлөрү көрсөтүлөт.


Ошондой эле көргөзмөнүн жүрүшүндө өзбек элинин улуттук тамак-ашы, каада-салттары тартууланат.


Урматтуу бишкектиктер жана шаар коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы көргөзмөгө катышууга чакырат.