ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

А.Осмонов атындагы улуттук китепканада  “Жагымдуу шарттардын шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун талкулоо боюнча конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары, шаар тургундары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын башчылары катышты.

Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун презентациясын  калаа башчысы Албек Ибраимов сунуштап, катышуучуларды Бишкек шаарын жагымдуу шарттар шаары катары  түзүүнүн   маанилүү санбагыты үч кайра жаңылануу: инфратүзүмдү кайра жаңылоо, социалдык-маданий мейкиндикти кайра жаңылоо, заманбап технологияны киргизүү менен башкаруу чөйрөсүн кайра жаңылоо багыты менен тааныштырды.

Калаа башчысы Албек Ибраимовдун айтуусу боюнча,  долбоор алдыдагы 4 жылга пландалып,  ичине жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун өркүндөтүү, социалдык объекттерди модернизациялоо жана куруу, жол кесилиштерин жакшыртып куруу, жер үстүндөгү жана жер астындагы жөө жүрүүчүлөр өткөөлдөрүн куруу иштери киргизилди. Ал эми каржы жактан камсыздоо маселелери боюнча биринчи вице-мэр Ренат Макенов айтып берди.

Конференциянын алкагында талкуу үчүн негизги үч секцияга: “шаардык инфраструктура”, “социалдык-маданий өнүктүрүү” жана “экономика, финансы жана инвестиция” болуп бөлүнүп талкуланды.

Жалпысынан конференциянын катышуучулары программанын долбоорун колдоп, кызматташууга даяр экендигин билдиришти. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ыӊгайлуу инфратүзүмдү түзүү, актуалдуу маселелерди талкулоо үчүн шаардык платформа, калаанын төрт районунда теӊ дене тарбия-ден соолукту чыӊдоо комплекстерин түзүү боюнча кошумча сунуштар айтылды.
Иш-чаранын соӊунда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, бардык сунуштар программага киргизилерин белгиледи.

2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоору менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар: http://www.old.meria.kg/index.php?option=com_newscatalog&view=article&id=16739&Itemid=339&lang=kg

Бардык сунуш жана пикирлерди  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына жиберсеӊиздер болот.