ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарынын «Калыс-Ордо» жаӊы конушунда №86 орто мектептин салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.

Салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министринин орун басары Салидин Калдыбаев, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, вице-мэрлер, мугалимдер жана окуучулар катышты.


Калаа башчысы №86 орто мектептин ачылышы менен куттуктап, TBEA компаниясына мектептин курулушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бардык катышуучуларга ийгиликтерди жана бакубат жашоо каалады.


Жаӊы мектеп 660 окуучулук орунга ылайыкташтырылып, эки сменага каралган. Мектептин курулушу кытай грантынын каражатына 2015-жылы башталган. Шаардык бюджеттен дагы каражат бөлүнүп, мектепке инженердик түйүндөрдү киргизүү жана башкар иштер аткарылды.