ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин, премьер-министр Сапар Исаковдун, ЖКтин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы менен куттуктады.


Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов  шаар тургундарын жана конокторун Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы менен куттуктап, өнүгүү, бакубат турмуш, жана туруктуулук каалады.


Расмий бөлүктүн соӊунда кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чыгармачыл топтордун катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын бардык сейил бактарында, райондорунда элдик эс алуулар, спорттук иш-чаралар жана концерттик программалар өтүүдө.


Кечинде шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа тартууланат жана иш-чара түстүү фейрверк менен жыйынтыкталат.