ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Чүй проспектиси жана Исанов көчөсүнүн кечилишинде жайгашкан «Спорт», ошондой эле Айтматов-Саратов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Бишкек» көмөкчордондорунун курулушу менен таанышты.

Кыдыруунун жүрүшүндө «Түндүк электр» ААКнун түйүндөрдү оӊдоо жана өнүктүрүү боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Азамат Мамбетжанов үстүбүздөгү  жылы Бишкек шаарындагы жогорку жана ортонку чыӊалуудагы үч жогорку вольттогу көмөкчордондорун бүткөрүү пландалып жаткандыгын белгиледи.


«Түндүк электр» ААК Кыргыз Республикасындагы электр камсыздоонун эсеп берүүсүн жакшыртуу жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордун негизинде Бишкек шаарына жогорку вольттогу «Орто-Сай» жана «Спорт» 35/6-10 кВ көмөкчордондорун курулушу ишке ашырылууда.


Ал эми үчүнчү 110/35/6 (10) кВ чыӊалуусундагы жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордонунун курулушу Т.Айтматов-Саратов көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө. Жалпысынан үч көмөкчордондун курулушуна 8,5 млн.АКШ доллары каралган.


Ар биринин кубаттуулугу 40 мегавольт-амперди түзгөн эки күч трансформаторлуу жогорку вольттогу «Бишкек» көмөкчордону борбор калаанын ортосунда жайгашкан 356 кВ көмөкчордондорунун жүктөмүнүн азайышын камсыз кыла алат.


Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков, «Түндүк электр» ААКнун башкы директору Искендер Кадыркулов катышты.