ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда «Таберик» балдар музыкалык театрынын 60 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Калаа башчысы Албек Ибраимов театрдын жамаатын мааракеси менен куттуктап, 100 миӊ сомдук сертификат тапшырды.


Ошондой эле мааракенин урматына Бишкек шаарынын мэриясы Октябрь райондук администрациясынын 25 жылдан бери  канааттандырарлык эмес абалдагы чоӊ залын капиталдык оӊдоодон өткөрүп берди.


Оӊдоо иштерине шаардык бюджеттен 2,2 млн.сом коротулду. Чатыры, эшиктери, шыбы алмаштырылып, орундуктардын саны  көбөйтүлдү, жылытуу системасы, жарыктандыруу жана электр энергиясы оӊдолду.


Бул жылы Октябрь райондук администрациясынын бюджетинен 280 театралдык орундук сатып алуу үчүн 3,5 млн.сом өлчөмүндөгү каражат каралган.


Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин көрүүчүлөргө кызыктуу концерттик программа тартууланды.


Иш-чарага КР ЖК депутаты Марат Аманкулов, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.