ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов районунун калктуу конушуна жаратылыш газы бериле баштады. Керамическая, Новосельская, Широкая көчөлөрү боюнча 1600гө жакын жашоочу экологиялык таза отун менен колдонууга мүмкүнчүлүк алды.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов көчөнүн тургундарын жаратылыш газынын берилиши менен куттуктап, Кыргызстандагы «Газпром» компаниясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.


«Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилигине калаанын конуштарын газдаштырууда, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү жардамдары үчүн ыраазычылык билдирем. Газдаштыруу - ар бир шаар тургунунун жашоо-шартын жакшыртууга жана бардык шарттарды түзүүгө жол ачат»,-деди калаа башчысы.


Аталган конушту газдаштыруу иштери Кыргыз Республикасынын газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасы жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында жүргүзүлдү. Жалпы узундугу 6,6 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү  өткөргүчтөрдү долбоорлоо жана курулуш иштеринин жалпы чыгымы28,3 млн.сомду түздү.


Жаӊы конушка газ берүү иш-чарасына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков жана конуштун тургундары катышты.


Белгилей кетсек, аталган конушту газ менен камсыз кылуу үчүн газды жөнгө салуучу жаӊы пункту жана газ өткөргүчтөр курулуп ишке берилди. Жогорудагы иштер коюлган талаптарга ылайык аткарылып, тастыкталган жогорку сапаттагы материалдар колдонулду.


2016-жылдын жыйынтыгы менен «Газпром Кыргызстан» компаниясы тарабынан Бишкек шаарынын 10 жаӊы конушу газдаштырылды. Алар: Керемет, Касым, Щербакова, Бурдинская, Салам-Алик, Жеӊиш, Балбан-Таймаш, Кайыӊды, Керамическая, Мыкан конуштары.


2017-жылы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 12 жаӊы конуш газдаштырылып, 20 миӊден ашык турак-жай жаратылыш газы менен камсыз болот. 2030-жылга чейин Кыргызстанды газдаштыруу деӊгээлин 62%га чейин жогорулатуу жана 400 калктуу пункту газ менен камсыз кылуу пландалууда.