ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 2010-жылдагы апрель окуясынын 7 жылдыгы белгиленди.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттары, райондук администрациялардын башчылары жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери Аксы окуяларында жана Апрель окуяларында эркиндик үчүн курман болгондордун эстелигине гүл коюшуп, курман болгондорду эскеришти.


Ошондой борбордук «Ала-Тоо» аянтында бул окуяларга арналган иш-чаралар өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов элдик революциянын күнү бул жылы алгачкы ирет өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.


«Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бүгүн биринчи жолу элдик революция күнүн белгилеп жатабыз. Бул күндүн мааниси өтө тереӊ. Бул майрам өлкөнүн өнүгүүсүнө жана кайра жаралуусуна жол салган улуу күн!»,-деди калаа башчысы.


Чогулгандар үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын симфониялык оркестри  чыгармаларды аткарышты.  Ошондой эле театралдаштырылган көрсөтүү жана концерттик программа тартууланды.


Элдик революция күнүнүн урматына Эски аянтта КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын оркестри патриоттук чыгармаларды тартуулайт. Иш-чаралар саат 21:00до солют атуу менен жыйынтыкталат.