ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, 1-апрелде Бишкекте шаардын айланасын санитардык тазалоо боюнча жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов мэриянын аппаратынын кызматкерлери менен биргеликте ишембиликке катышып, Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бактын аймагын тазалашты.


“Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын күчү менен ирригация жана газондор тазаланып, канаттуулардын уяларын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.


Ишембиликтин максаты - санитардык абалды жакшыртуу, шаарды жашылдандыруу, ирригация түйүндөрүн тазалоо, бул иш-чараларга уюмдарды, мекемелерди, ошондой эле көп кабаттуу жана жеке турак-жайда жашаган шаардыктарды тартуу болуп саналат.


Ирригация түйүндөрүн, шаардык парктарды жана бактарды тазалоого өзгөчө көңүл бурулду. Ишембиликти өткөрүү жерлерин райондук администрациялар аныкташат.


Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы маалыматтык колдоо көрсөтүп, кайрылууларды жана арыздарды төмөнкү телефондорго жөнөтүүнү суранат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (1-Май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.


Бишкек шаардык мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы - Эшатов Канатбек Советбекович - 51 18 61.


Ошондой эле, мэрия шаар  тургундарын ишембиликтерге жигердүү катышуу менен сүйүктүү шаарыбызды ирээтке келтирүүгө салым кошууга чакырат.