ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ленин районунда 300 түп ясень көчөтүн отургузуу жүргүзүлүүдө.

Жер бөлүштүрүү институтунун сейил багына 100 көчөт, ошондой эле 4-шаардык ооруканасынын гүл бакчасына 200 көчөт отургузулууда.


Үстүбүздөгү жылы «Жашылдандыруу курулуш» ишканасы 4 миӊден ашык клен, эмен, кайыӊ, ясень, каштан, чыгыш платаны жана липа көчөттөрүн  отургузууну пландап жатат.


Бишкек шаарынын Октябрь районуна – 1505, Биринчи май районуна – 338, Ленин районуна – 1990, Свердлов районуна 845  жалбырактуу дарак отургузулат.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын башчысы - Элгондиев Токтобек Абдыкеримович (37-53-30).