ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жаз майрамдарына, Бишкек шаарынын күнүнө жана Жеӊиш майрамына карата  борбордук «Ала-Тоо» аянтын, Чүй проспектисин жана Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтанды кооздоду.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тарабынан  кичи архитектуралык өчүп-күйүп турган майрамдык композиция иштелип чыкты.


Анын ортосунда жаратылыштын ойгонуп келе жатканын билдирген гүл баскан чакан аянтча бар. Ал эми төрт жагындагы кичи фонтандарда Кызыл китепке кирген илбирс, бугу, аркар жана бүркүт орнотулган. Ошондой  эле майрамга көрк бере турган өчүп-күйүп турган дарактар  орнотулуп, жарык берип турган шамдарга жоогазындарды илинди.


 "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери темир бетондон жасалган карапаларга  карагай, арчалардын көчөттөрүн отургузду.


Мындан тышкары Чүй проспектисин кооздоо үчүн  светодиоддук кермелер иштелип чыгып, илинди. Шаар күнү, Жеӊиш күнү жана башка майрамдарга карата кермелердин тематикасын алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.