ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында «Нооруз» майрамы өткөрүлдү.

Шаар тургундарын жана конокторун Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Сапар Исаков, Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов куттуктады.

Калаа башчысы Албек Ибраимов бардык бишкектиктерди жана конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо жана жакшылыктарды каалады.

«Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Сиздерди жадыраган жазда келген Нооруз майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жаратылыштын жаңырышы, күн менен түн теңелген, жаңы жылдын алгачкы күнү катары бааланган улуу Нооруз жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин!  Бул майрам жан дүйнөнүн жана  ыймандыкты тазартуу майрамы. Анткени, ар бир адам бул күнү өзүнө жакшы ниет, жакшы ырысты тилейт. Улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер болсун, элибизге ынтымак, бакыт-таалай алып келсин! Нооруз майрамыбыз кут болсун!»,-деп куттуктады калаа башчысы.

Андан кийин Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа жана театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.


Мындан тышкары, Курманжан Датка эстелигинин алдында Кыргызстан элдер Ассамблеясы шаардык, дипломатиялык корпустар  менен биргеликте,  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекттик агенттигинин колдоосунда Кыргызстанда жашаган ар улуттун улуттук тамак-аштарынын, кол өнөрчүлөрүнүн  көргөзмөсү өткөрүлдү.  Көргөзмөнүн соңунда бардык каалоочулар улуттук тамактан даам татып, сүрөткө түшүп, ошондой эле концерт көрүштү.


Кечке чейин калаанын бардык жерлеринде – сейил бактарында, жаӊы конуштарында элдик эс алуулар, спорттук мелдештер өткөрүлмөкчү.