ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Нооруз-2017» майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы борбордук  «Ала-Тоо» аянтын кооздоп, жасалгалап жатат.
"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тарабынан  кичи архитектуралык өчүп-күйүп турган майрамдык композиция иштелип чыкты. 
Анын ортосунда жаратылыштын ойгонуп келе жатканын билдирген гүл баскан чакан аянтча бар. Ал эми төрт жагындагы кичи фонтандарда Кызыл китепке кирген илбирс, бугу, аркар жана бүркүт орнотулган. Ошондой  эле майрамга көрк бере турган өчүп-күйүп турган дарактарды орнотуп, жарык берип турган шамдарга жоогазындарды илип коюу пландалууда.
 
"Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери темир бетондон жасалган карапаларга  отургузулган карагай, арчалардын көчөттөрүн отургузууда.