ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ала-Тоо аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигинин алдында 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, эстеликке гүл коюлду.

Гүл коюу иш-чарасына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жана шаардык муниципалитеттин кызматкерлери катышты.


"Аксы" окуясы - 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя. 2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Окуяда курман болгондор болгон.