ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

№64 мектеп –гимназиясында БУУнун «КР мектеп тамактануу программасын оптималдаштыруу» сынамык долбоорун киргизүү жана окуучуларга ысык тамак берүүнүн жаӊы моделин көрсөтүү уюштурулду.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, КР илим жана билим министрлиги, мэрия жана шаардык билим берүү башкармалыгы калаанын мектептерине ысык тамак берүү программасын ишке киргизди.


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын айтымында, Бишкек шаарынын мэриясы калаанын мектептерине программаны киргизүүнү демилгелеген.  Бүгүнкү күндөн баштап №64 мектеп-гимназиясынын 1200 башталгыч класстарынын окуучуларына ысык тамак бериле баштады.


КР Илим жана билим министрлигинин жана БУУнун ДАП биргелешкен долбоорлорунун алкагында айыл мектептеринде тамактануунун өзгөртүүдөгү ийгиликтерин  эске алып,  мэрия жана шаардык билим берүү башкармалыгы шаардын мектептериндеги тамактанууну жакшыртуу демилгесин көтөрүп чыгышты.


Мектептин ичине тамактанууну уюштуруу, даярдоо жана сактоо үчүн  технологиялык долбоор иштелип чыкты. Ошондой эле керектүү оӊдоо иштери жүргүзүлүп, бардык шарттар түзүлдү.
Тамактанууну жакшыртууга Россия Федерациясы тарабына 12 млн. АКШ доллары  бөлүнгөн. Бул каражаттан өлкөдөгү 330 мектептин 85 350 окуучусу ысык тамак менен камсыздалат.


Жыйындын соӊунда гимнащзиянын окуучулары тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.


Иш-чарага окуучулар, мугалимдер, КР илим жана билим министринин орун басары Салидин Калыбаев, КР РФ элчиликтин кеӊешчи-өкүлү Алексей Мзареулов, КР БУУ ДАП директору Рам Сараванамутту катышты.