ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 15-февралда Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү.

Ата-Түрк сейил багындагы мемориалга Ооган согушунун катышуучулары жана бардык катышуучулар аскер-интернационалисттердин монументине гүл коюшуп, курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бардык согуштун ардагерлерине, жакындарына, үй-бүлөлөрүнө бекем ден соолук, ачык асман каалады.


«Бүгүн, советтик куралдуу күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышынын 28 жылдыгын белгилеп жатабыз. Баарыӊыздарды бүгүнкү күн менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге, жакындарыӊыздарга, үй-бүлөӊүздөргө бекем ден соолук, тынчтык жана ачык асман каалайм. Согушта курман болгон аскер-интернационалисттер ар дайым биздин жүрөгүбүздө!»,-деди калаа башчысы.


Иш-чарага шаар тургундары, Ооган согушунун ардагерлери, аскер-интернационалисттердин жакындары, үй-бүлөлөрү, Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы Канатбек Музуралиев, КР ЖК депутаттары Кожобек Рыспаев жана Кенжебек Бокоев, КР КК башкы штабынын башчысынын орун басары генерал-майор Закир Тиленов, Белорусь Республикасынын  КРдеги элчиси Виктор Денисенко, «Ооган согушундагы ардагерлер» АК төрагасы Абдыгул Чотбаев катышты.


Ооган согушу 10 жылга созулуп, 1989-жылдын 15-февралында аскерлер чыгарылган.


Ооган согушуна 7 миӊ 140 кыргызстандык катышкан. Анын ичинен 252 адам курман болуп, 1500 адам ар түрдүү жараат алышкан жана төрт адам дайынсыз жоголгон.


Маалымат: Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 890 аскер-интернационалист турат. Республикалык бюджеттен согушта жараат алган майыптарга 7 миӊ сомдон, катышкандарга 6 миӊ сомдон, жесирлерине 1 миӊ сомдон акчалай жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, шаардык бюджеттен ооган согушунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө квартал сайын 1500 сом өлчөмүндөгү мэрдин стипендиясы берилет.