ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун катышуусунда Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы жыйынтыктары» боюнча коллегия өткөрүлдү.

2016-жылы аткарган иштердин жыйынтыктары жөнүндө Бишкек шаарынын вице-мэри Эрнис Зарлыков жана райондук администрациялардын башчылары доклад окушту. Өздөрүнүн докладында транспорт, экономика жана инфраструктура маселелерине токтолушту.


Белгиленгендей, 2016-жылы Бишкек шаарынын экономикасынын өсүү темпи жакшы натыйжа көрсөткөн. 16 өнөр жай тармагынан физикалык көлөмдүн индекси менен 6 тармак камсыз болгон.


Бишкек шаарынын квартал аралык жана ички кичирайондук жолдорун капиталдык оңдоого 2016-жылы 600 млн. сом коюлган. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыктары боюнча кошумча 17 көчөгө (22 км узундуктагы) капиталдык оңдоого багытталган 158,7 млн. сом суммада акча каражаттары үнөмдөлгөн, ушуну менен жалпы узундук 52,4 км түздү.


«Бишкекасфальтсервис» МИ  тарабынан  жалпысынан 3,6 млн. сом суммага шаардын аймактарын көрктөндүрүү, сырткы көрктөндүрүү элементтерин бузуу иштери, колдонуудага металл тосмолорун, жол түтүктөрүн, жөө өтүүчү жолдорду оңдоо, отургучтарды оңдоо жана сырдоо боюнча жумуштар жүргүзүлдү. Ошондой эле, отчёттук мезгил учурунда  9 даана коомдук транспорттук аялдама 1,3 млн. сом суммага орнотулду. Бишкек шаары боюнча “БАС” МИ тарабынан бардыгы 401,5 миң сом суммага 155 чектөө белгилери орнотулду.  


2016-жылы курулуш тармагында турак үйлөр жана билим берүү мекемелери эксплуатацияга берилди.


“Дельфин” олимпиадалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилди. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы капиталдык оңдоо иштери толугу менен бүткөрүлдү. 10 мектепке чейинки уюмунда жылуулук тутуму жана түтүктөрүн оңдоо, 7 мектепке чейинки уюмунун чатыры алмаштыруу, 11инде жалпы оңдоо иштери аткарылды. “Көлмө” ж/к 140 орундуу бала бакча курулуп жатат. “Эне-Сай” конушундагы мектепти оңдоп-түзөө иштери аяктап, ишке киргизилди. “Дордой” конушунда 960 окуучулук орундуу мектеп эксплуатацияга берилди. “Кара-Жыгач” конушунда кезметте 50 келүүгө ылайык амбулаторияны киргизүү камсыздалды.


2016-жылы “Тазалык” МИси  жумуштун бригадалык ыкмасына өткөн. Муниципалдык тапшырык боюнча коомдук аймактарды тазалоочулардын ичинен 48 бригада түзүлгөн. Ар бир бригадада 10-15 адам иштеп, жалпы саны 505 адамды түзөт.


2016-жылы ирригациялык тармактарды тазалоо, жол жээктерин кумдан тазалоо көк майсандарды жалбырактардан жана таштандылардан тазалоо мурунку жылдарга караганда сапаттуу жүргүзүлдү.


Мындан сырткары ар бир район боюнча графикке ылайык күн сайын 46 көчөдө жанжолдорду, жол жээктеринин бөлүктөрүн, аялдамаларды, темир тосмолорду жуу иштери жүргүзүлдү.


Жолдордун абалынын техникалык шарттамын так сактоо жана пайдалануу үчүн кыш мезгилинде тайгакчылык менен күрөшүү иштери жүргүзүлдү. ИТКнын курамынан жана жумушчу курамынан жолдорго себүү ишерин аткарган  кезмет бригадалары уюштурулган. Диспетчер кызматы жана мобилдик байланыш аркылуу  ишкана боюнча ыкчам жооп берүү үчүн жооптуу кезметчилер дайындалган.


Аялдама пунктарын жана жолдун боюндагы жанжолдорду  кардан тазалоо, күнүмдүк жолдорду күтүү   иштери  бекитилген мастердин түздөн-түз контролдоосу менен, жумушчулардын күчү менен автосамосвалдарга кол менен жүктөлгөн.


2016-2017-жылдардын кыш мезгилинде тайгакчылык менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн “Тазалык” ишканасы тарабынан  8868 тонна кум, 708,9 тонна туз даярдалган. 2017-жылдын башталышына карата абал боюнча 4874 тонна кум, 261,9 тонна туз сарпталган.


«Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу» МИ тарабынан 2016-жылы шаардын көчөлөрүнө ийне жалбырактуу дарактын 2157 көчөтү, жазы жалбырактуу дарактын 2901 көчөтү, бадалдын 2142 көчөтү, бадал тосмосунан 170570 даана,     шаардын клумбаларына 1254143 даана бир жылдык гүл, отургузулуп 24142 бак кыркылган, 2328 түп кооптуу абалдагы жана куурап калган бак кыйылган.  

 132800 у/м ирригациялык тармакты, 231,2 км магистралдык каналды, 89,6 км коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жүргүзүлүп, 2203,5 га көк майсанды чабуу, 1056,5 га көк майсанды тазалоо, 1480550 чарчы метр бадал тосмону кыркуу иштери аткарылды.


Бишкексвет МИ тарабынан  11210 жарык берүүчү лампасын алмаштыруу, 55,9 км кабелдик чубалгыны оңдоо жана текшерүү, 134,9 км аба чубалгысын текшерүү жана кайтадан тартуу, кыска туташуу, үзүлгөн жана бузулган жерлери боюнча 1904 авариялык кырдаалды жоюу иштери жүргүзүлдү, шаардын тургундарынан келип түшкөн 510 табыштама аткарылды.


Манас, Жибек Жолу, Абдрахманов, Токомбаев көчөлөрүнө 2316 жарык диоддуу  чырактар  орнотулду, тышкы жарыктандыруунун  панелдерин текшерүү, авариялык таянычтарды алмаштыруу жүргүзүлдү.


Коллегиянын жыйынтыгында вице-премьер министр мэриянын бир жылда аткарган иштеринде өсүүлөр болгондугун белгиледи.