ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов, Октябрь жана Биринчи май райондорунда райондук администрациялардын  2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы жана 2017-жылдын милдеттенмелери боюнча коллегиялык жыйындар өткөрүлдү.

Свердлов районунда коллегия Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жетекчилиги алдында вице-мэр Бакытбек Дюшембиевдин, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Алмазбек Кененбаевдин, район башчысы Самарбек Болотбековдун жана райондук кызматтардын башчыларынын катышуусунда өттү.


 Райондун экономикалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча башчынын орун басары Туратбек Айдаров доклад окуп, келип түшкөн салыктар, ири соода борборлорунун ачылышы, Свердлов районунун экономикалык абалы жөнүндө айтып берди. Ал эми социалдык маселелер боюнча башчынын орун басары Чынара Борбашева Свердлов районунун калкына көрсөтүлгөн социалдык жардамдар, ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктарын айтып, 2016-жылы райондун аймагында өткөрүлгөн спорттук жана маданий иш-чаралар тууралуу белгиледи.


Калаа башчысы Албек Ибраимов Свердлов районундагы көйгөйлөргө токтолуп, кийинки жыйынга чейин чечүүнү тапшырды.


2017-жылдын 23-январында Ленин райондук администрациясынын коллегиясы өткөрүлөт.