Сүрөт репортаждары
«Ала-Тоо» борбордук аянтында балдар үчүн жаӊы жылдык иш-чаралардын биринчи бөлүгү өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара Аяз ата, Аяз кыздын жана жомок каармандарынын, ошондой эле келе жаткан жылдын символу болгон – Короздун коштоосунда өттү.
Иш-чара «Ассоль» бий студиясынын театралдаштырылган көрсөтүүсү менен башталып, куурчактардын, цирк артисттеринин жана «Убакыт» жаштар театрынын концерттик программасы менен жыйынтыкталды.
Эскерте кетсек, жаӊы жылдык программалардын кечки бөлүгүн саат 21:00до «Кыргызстан обондору» радиостанциясы өткөрөт. Саат 23:50дө шаар тургундары мэр Албек Ибраимов менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун чоӊ экрандан көрө алышат.
Жаӊы жылдык иш-чаранын соӊунда саат 00:00дө майрадык солют аттырылат. Шаар тургундарына ыӊгайлуу болуусу үчүн коомдук транспорттор түнкү саат 02:00гө чейин каттайт.
Мындан тышкары, райондун аймактарында дагы жаӊы жылдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |