ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шаардык реаблитациялык борборунда Япония өкмөтүнүн «Чөп тамырлары жана адам коопсуздугу» гранттык программасынын алкагында «Майыптар үчүн шаардык реаблитациялык борборунда медициналык камсыздоону жакшыртуу» долбоору боюнча жабдууларды берүү салтанаты өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Кыргыз республикасындагы Япония мамлекетинин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Ёсихиро Ямамур, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаев жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шаардык реаблитациялык борбордун директору Гүлнара Аманкулова катышты.


2015-жылдын 19-февралындагы грант-келишимине ылайык, «Майыптар үчүн шаардык реаблитациялык борборунда медициналык камсыздоону жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Япония элинин жана өкмөтүнүн атынан шаардык реаблитация борборуна төмөнкү жабдуулар берилди:


Газель NEXT кичи автобусу, стимуляция, электр жана ультраүн терапиясынын жабдуулары, дарсонвализация жабдуусу, тосмолор, фитнес үчүн гантелдер, гимнастикалык мат, швед тепкичтери, бокс мээлейлери жана кабы, тренажёрлор, электр плита, суу ысыткыч, ашкана столу, илгичтер, медициналык шкафтар, кушеткалар, бут кийим үчүн текчелер берилди.


Берилген жабдуулардын жалпы суммасы 45 907 АКШ  долларын түздү.