ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын борбордук «Ала-Тоо» аянтында 19-декабрда мэр Албек Ибраимов өлкөнүн башкы балатысын жандырды.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө калаа башчысы шаар тургундарын жана конокторун келе жаткан Жаӊы 2017-жыл менен куттуктады.


«Урматтуу шаар тургундары! Урматтуу шаар коноктору! Сиздерди өлкөнүн башкы балатысынын салтанаттуу жандыруу аземи жана келе жаткан Жаӊы 2017-жылыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайм жана Жаӊы жыл жакшылыктарды алып келишине тилектешмин!»,-деди калаа башчысы.


Андан кийин мэр Аяз ата, Аяз кыз менен биргеликте жаӊы жылдын символу болгон 30 метрлик балатыны жандырышты. Жаӊы жылдык маанай тартуулап калаанын мектептеринин 500 окуучусу жаӊы жылдык флешмобго катышышты.


Балатыны салтанаттуу жандыруу аземине РетроFM радиостанциясы дагы катышып, шаар тургундарына кызыктуу концерттик программа тартуулашты.


Мындан тышкары шаар тургундарына жана конокторуна мэрия тарабынан аянттын түштүк тарабына чыныгы жомок тартууланды. Аяз ата жана кар киши, бугулары менен жомоктогудай чана, балаты жана шарлар менен майрамдык арка орнотулду.