ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык муниципалитет келе жаткан жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо иштерин өткөрүүдө жана өлкөнүн башкы балатысын орнотту.

Өлкөнүн башкы балатысы борбордук «Ала-Тоо» аянтына орнотулду. Балатынын узундугу 25 метр, диаметри 12,5 метрди түзөт. Кооздоо иштерин «Тазалык» жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканаларынын 40 кызматкери  жүргүзүүдө. Алар жаңы жылдык балатынын жаңы жылдык оюнчуктар жана грилияндалар менен кооздошууда. Учурда балатыга 1200 оюнчук жана улуттук стилдеги 77 жасалгалоо, жылдызча түрүндөгү 60 светодиоддук жасалгалоо жана 50 светодиоддук карлар илинди. Ошондой эле балатыга узундугу 2 км 600 метр 260 грилянда илинет. Балатынын салтанаттуу жандыруу аземи 19-декабрда саат 19:00до өткөрүлөт.


Ошондой эле «Ала-Тоо» аянтынын түштүк бөлүгүнө  «Аяз ата жана бугулары менен жомоктогудай чана» жаңы жылдык композициясы (6 бугу),   жылдыздары менен стелла жана чоң кар киши орнотулду. «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан оргумаларга диаметри 2 метрден 12 түстүү шар орнотулду. Ошондой эле бул сыяктуу шарлардын 30 даанасы Жаштар аллеясына орнотулат. Эркиндик бульварынын Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин светодиоддук иллюминация орнотулат. Шаардык кызматтардын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдындагы оргуманы жаңы жылдык жасалгалоо иштерин баштады жана Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына 15 метрлик балаты орнотту.


Калаанын Жаңы 2017-жылга жасалгалоо иштери улантылып жатат.