Сүрөт репортаждары
«Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, калаанын түштүк бөлүгүндөгү веложолго тышкы жарыктандыруу орнотулду.
Веложолдо шаар тургундарынын ыңгайлуу жүрүүлөрү үчүн 56 торшердик түркүк, 112 светодиоддук чырак (50Вт), 1 тышкы жарыктандыруу панели, 11 светодиоддук чырак, 1 түркүк, чырактардын үстүнө 11 кронштейн орнотулуп, 600 метр зым тартылды.
Айланма веложол Жукеев-Пудовкин – Токомбаев – Байтик Баатыр көчөлөрүнүн чектешкен жерлерине үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында курулган.
Веложолдун узундугу 1,5 км, туурасы- 3 метрди түзөт.
Эскерте кетсек, веложолду куруу «Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары» программасынын алкагында жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |