ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелгендердин Эл аралык кʏнʏнʏн алдында Бишкек шаарынын мэриясы №156 бала бакчанын имаратын аут-балдардын ата-энелеринин «Рука в руке» коомдук бирикмесине жана майып балдар ʏчʏн «Оберег» реаблитациялык борборуна берди.
Бʏгʏнкʏ кʏндɵ борборубузда 14,5 миӊ ден соолугунан мʏмкʏнʏлʏгʏ чектелген адам жашайт. Анын ичинен 4557си 18 жашка толо элек балдар. Шаардык муниципалитет алардын жашоо деӊгээлин жакшыртуу максатында дайыма социалдык жардамдарды кɵрсɵтʏп келет.
 
Бишкек шаарынын мэриясы адистештирилген мекемелерди ɵнʏктʏрʏʏгɵ аракет кылууда. Ошондой эле ден соолугунан мʏмкʏнчʏлʏгʏ чектелген адамдар менен иштɵɵчʏ бейɵкмɵт уюмдарга, реаблитациялык борборлорго, коомдук бирикмелердин ишине ɵзгɵчɵ кɵӊʏл бурат.
 
Маалымат: №156 бала бакчанын имаратынын долбоордук кубаты 140 орунду тʏзɵт. Имарат 2013-жылы Кыргыз Республикасынын ɵкмɵтʏнɵ караштуу мамлекеттик мʏлктʏ башкаруу фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын балансына ɵткɵрʏлʏп берилген. 2016-жылы капиталдык оӊдоо жʏргʏзʏлʏп, 23 млн.837 миӊ 700 сом каражат каралган. Оӊдоо иштерин ɵткɵрʏʏгɵ тендер жарыяланып, «Байэл Курулуш» ЖЧК бɵдрɵтчʏ компаниясы менен 16 млн.673 миӊ сомго келишим тʏзʏлгɵн. Жалпы аянты 0,586га (5860 м2) тʏзɵт.