ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда гала-концерт жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында өткөрүлгөн ХVIII шаардык спартакиаданын жана кол өнөрчүлүк жана прикладдык искусство фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.


Иш-чара ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө арналды.


Жеңүүчүлөрдү Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.


«Урматтуу жеңүүчүлөр! Сиздерди жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктап, сиздердин ийгилигиңиздерге зор салымын кошкон ата-энелериңиздерге ыраазычылык билдирем. Бишкек шаарынын мэриясы сиздер ыңгайлуу шаарда жашооңуздар үчүн бардык иштерди жасоого аракет кылууда»,-деди вице-мэр.


Иш-чаранын жүрүшүндө фестивалдын жана спартакиаданын женүүчүлөрүнө баалуу белектер, диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, чакырылгандар үчүн концерттик программа тартууланды.