ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Биринчи май районунун Тыныстанов көчөсү 285 дарегинде №8 шаардык милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын салтанатуу ачылышы болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жаңы имарат курулуп, коммуникацияны калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, техника жана жаңы жабдуулар менен жабдылды.
Иш-чарага калааа башчысы Албек Ибраимов, КР ички иштер министринин биринчи орун басары,  милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев катышты.


Өзүнүн сөзүндө калаа башчысы Албек Ибраимов шаардык муниципалитет шаар тургундарынын коопсузудугуна өзгөчө көңүл буруп, милиция кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртууга аракет кылып жаткандыгын билдирди.


Андан кийин мэр жакында имараты оңдолгон  Октябрь районунун ИИББ ишмердүүлүгү менен таанышты.


Маалымат: Биринчи май районунун №8 шаардык милиция бөлүмүнүн имаратынын курулушуна «Тайм-Траст» долбоору боюнча 27 млн. сом каражат каралган.

 

Имаратты куруу үчүн  тендер өткөрүлүп, 2015-жылдын 11-декбарындагы № 19 соода протоколунуна ылайык,  «MSBUILDING» ЖЧКсы курулуш фирмасы жеңүүчү деп аныкталган.


Имаратка  993 миң 450 сомго кеңсе эмеректери жана 866 миң 746 сомго уюштуруу техникалары алынды.


Имараттын жалпы аянты 626 м2 түзөт.