ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 8-кичи районундагы шаардык маданият башкармалыгынын №4 Балдар искусство мектебине, «Жаштык» жаштар борборуна барды.

Текшерүүгө вице-мэрлер Айгүл Рыскулова, Бакытбек Дюшембиев, Октябрь жана Ленин райондук администрацияларынын башчылары, шаардык кызматтардын жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн  башчылары катышты.


Калаа башчысы балдар искусство мектебинин имаратына улай салынып жаткан курулуш иштеринин жүрүшү жана «Жаштык» жаштар борборун реконструкциялоо эскизинин презентациясы менен таанышты.


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов эл аралык маданий сынактарда жана форумдарда баш байгелерди алып келген №4 балдар искусство мектебинин имаратын тез арада бүтүрүүнү тапшырды.