ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишкана Бишкек шаарынын мэриясынын 03 август 2006  жылкы №549 токтомунун  негизинде уюшулган.

 

Ишкананын башкы милдети болуп юридикалык жана физикалык уюмдардын автомобилдик ташууларга керектѳѳсүн камсыз кылуу, автомобилдик процессти ѳркүндѳтүү, жүргүнчүлѳрдү ташууда бирдиктүү илимий-техникалык саясатты жүгүзүү, автомобилдик кызмат кѳрсѳтүүнүн сапатын жогорулатуу жана ташуу процессинин коопсуздугун камсыз кылган  технологияны камсыз кылуу.

 

“Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын негизги чарбачылык ишмердүүлүгү болуп Бишкек шаарынын жүргүнчүлѳрүн жана калктын аялуу катмарын ташуу болуп саналат. Аларга, жаш курагы менен чыккан пенсионерлер, I, II тайпадагы майыптар жана оорулуу адамдар, 7 жашка чейинки курактагы балдар, ѳздѳрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы Бишкек шаарынын почта кызматкерлери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген   адамдар жана күч органдарынын ѳкүлдѳрү кирет. Ишкананын негизги кирешеси бир жүргүнчүгѳ 8,00 сомдон турган жол кире акыдан жана шаардык казынадан калктын жеңилдик алууга укуктуу катмарларын ташуу үчүн бѳлүнгѳн жардамга бериле турган акча каражаттарынан турат.

 

Ишкананын директору- Темикеев Бакыт Акылбекович        

Башкы инженер-  Бекмуратов Эмин Табылдыевич       

Дареги: Бишкек.ш. Шабдан батыр кѳчѳсү №4

Байланыш телефону:(0312)531814

Электрондук дареги:Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.