ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы” муниципалдык мекемеси (мындан ары “башкармалык”) Бишкек шаарынын жүргүнчү транспортторунун (автобустар, троллейбустар, кичиавтобустар, жеңил таксилер) иштерин уюштуруучу, координациялоочу жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.

 

Башкармалыктын ишинин максаты – Бишкек шаарынын калкын коомдук жана жеңил транспорттор менен ташууну уюштурууда бирдиктүү шаардык саясатты жүзөгө ашыруу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт инфраструктурасы боюнча ишмердикти андан ары өркүндөтүү боюнча чара колдонуу болуп эсептелет.

 

Башкармалыктын негизги милдеттери:

-         жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү шаардык коомдук транспорттун бардык түрлөрү менен ташуу жаатында бирдиктүү шаардык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

-         шаар аймагындагы жүргүнчүлөрдү транспорт менен ташуу жаатында кызмат көрсөтүүлөрдүн жөнгө салынуучу рыногун түзүү, анын нормалдуу иштеши жана өнүгүшү үчүн шаардык коомдук транспорттор менен коопсуз жана үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу менен бирге шарттарды түзүү, көрсөтүлгөн кызматтын сапатын жакшыртуу;

-         коомдук (муниципалдыкты кошуу менен) транспорт инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы,

индекс 720082, тел. кабылдама 533647,

факс 533653, gdt-2007@mail.ru

Башкармалыктын жетекчилери:

Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Мамышев Болот Шаршенбекович – 533647;

Башчынын орун басары Атыканов Нурлан Качкынович