ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Башкармалыктын негизги милдеттери:

-        Бишкек шаарында жашаган турмуштун оор  кырдаалына кабылган жарандардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган социалдык программаларды ишке ашыруу;

-        Бишкек ш. турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жана жеңилдик жана компенсациялык төлөмдөргө укугу бар жарандарга  жана башка категорияларга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда көмөктөшүү;

-        улгайган жарандарга, турмуштун оор кырдаалына (мындан ары - ТОК) кабылган балдарга, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга (мындан ары - ДМЧА), үй-бүлөлүк зомбулук жана  ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга социалдык кызматтарды көрсөткөн түзүмдүк мекемелерде минималдуу социалдык  стандарттарды жайылтуу;

-        мыйзам менен чыр-чатагы бар балдардын, жашы жете элек балдардын көзөмөлдөөсүз, багуусуз калуусун алдын алуу тутумун бекемдөө, аларды социалдык калыбына келтирүү үчүн мекемелерди өнүктүрүү;

-        жеңилдиктин ордуна акчалай компенсацияларды, башка социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды жана мамлекеттик жөлөк пулдарды берүү даректүүлүгүн күчөтүү үчүн  муктаждыкты аныктоо усулдарын жакшыртуу;  

- турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөр жана балдар менен иштөөдө шаардагы ар кандай түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара иштөөсү, алардын күч-аракеттерин интеграциялоо;

-        үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар жана балдар менен социалдык иштөөнүн прогрессивдүү ыкмаларын киргизүү;

-        ТОК кабылган үй-бүлөлөр жана балдар, жашаган жери белгисиз адамдар, улгайган жарандар, ДМЧА менен иштөө маселеси боюнча адистердин кесиптик компетенциясынын деңгээлин жогорулатуу.

 

 Башкармалыктын жетекчилиги:

- Абылаев Замирбек Адылович – начальник;

- Губина Лариса Васильевна – начальниктин орун басары.

 

 Байланыш:

•        кабылдама (факс): 623773;

•        бухгалтерия: 624202;

•        жалпы бөлүм: 624062;

•        кадр бөлүмү: 623773.

Электрондук дарек: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Дареги: Бишкек ш., Шопоков көчөсү 98а