ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы (КМККБ), Бишкек шаарынын инженердик коммуникацияларын жана жолдорун, ошондой эле Бишкек шаарынын   мэриясынын атайын токтому чыгып, КМККБ негизги буйрутмачы болуп аныкталган, Бишкек шаарына караштуу жаӊы  конуштардын социалдык маданий тиричилик объектилерин долбоорлоо жана куруу  жаатында тапшырыкчынын жана техникалык көзөмөлдүн иш-милдеттерин аткаруу жолу менен жаӊы конуштардын инфратүзүмүнүнүн өнүгүүсүн жүзөөгө ашыруу боюнча иш алып барат.

 

Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кырыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу  болуп  саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Бишкек шаардык кеӊештин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдоруна жана буйруктарына, ошондой эле КМККБнын бекитилген жобосуна, ички иш регламентине  ылайык жүзөгө ашырат.

 

Башкармалыктын негизги милдеттери жана максаты:

Башкармалыктын ишинин максаты жана милдеттери,  Бишкек шаарынын инженердик коммуникацияларын жана жолдорун, ошондой эле жаӊы конуштарда социалдык маданий тиричилик объектерин долбоорлоо жана куруу жаатында тапшырыкчынын жана техникалык көзөмөлдүн иш-милдеттерин аткаруу жолу менен Бишкек шаарынын жаӊы конуштарынын  инфратүзүмүнүн өнүгүүсүн жүзөгө ашыруу болуп эсептелет.

 

Бишкек шаарынын карамагына кирген  жаӊы конуштарда экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн бекитилген башкы пландарын, жалпы курулушка тийиштүү объектилерди курууга аймактарды бөлүү жөнүндө Бишкек шаарынын  мэриясынын токтомдоруна жана буйруктарына ылайык, Бишкек шаарынын архитектуралык-пландоо башкармалыгына объектилердин башкы планын схемасын, архитектуралык-пландоо тапшырмаларын (АПТ) жана анын алдындагы курулушту инженердик-пландоо тапшырмаларын иштеп чыгуу үчүн тапшырыктарды берет;

-эксплуатациялык кызматтардан долбоорлонуп жаткан объектини иштеп жаткан коммуникацияларга кошуунун техникалык шарттарын алат;

Бишкек шаарынын тийиштүү эксплуатациялык кызматтары жана Бишкек шааарынын архитектуралык-пландоо  башкармалыгы менен макулдашылган долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн тапшырыктарды жайгаштырат;

 

-шефмонтаждык жана пайдаланууга даярдоочулук жумуштарды аткарууга, долбоорлоочулардын, бөдрөтчүлөрдүн жана монтажчылардын, ал эми зарыл учурда даярдоочу заводдордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жабдууну комплекстүү сынап көрүүнү өткөрүүгө тиешелүү лицензиясы бар юридикалык  жана жеке жактар менен келишим түзөт;

 

-калктын инфратүзүмүн өнүктүрүү, тейлөөнү жана жашоо шартын жакшыртуу максатында конуштарды комплекстүү куруу, алардын коомдук борборлорун жана ага кирген шаар куруу комплекстерин курууну жүргүзөт;

 

-прогрессивдүү технологияларды, жабдууларды, материалдарды, конструкцияларды жана буюмдарды колдонуунун негизинде долбоордук ченемдердин натыйжалуулугун камсыздоо, аткарылган курулуш-монтаждык жумуштардын сапатына жана архитектуранын, шаар куруунун сапаттуу деӊгээлине болгон талаптарды сактоо боюнча иш алып барат.

 

Башкармалыктын неизги иш-милдеттери:

 

Башкармалык жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

-турак жай-коммуналдык багыттагы объекттерди, автомобилдик жолдорду, ошондой эле Бишкек шаарынын жаӊы конуштарынын социалдык маданий  тиричилик объекттерин жана техникалык көзөмөлдү долбоорлоо жана куруу боюнча буйрутмачынын иш-милдеттерин жүзөгө ашырат.

 

Бишкек шаарынын муниципалдык райондук администрациялары жана  Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аймактык органдарынын  өкүлдөрү  менен биргеликте капиталдык салымдар боюнча белгиленген  лимиттердин чегинде, Бишкек шаарынын конуштарынын курулуштарында  объекттерди курууга келечектүү жана жылдык пландарды, титулдук тизмелерди түзүүнү жүзөөгө ашырат, ошондой эле капиталдык салымдардын бекитилген көлөмдөрүнүн чегинде объекттер боюнча куруу-монтаждык жумуштарга (КМЖ) болгон капиталдык салымдар боюнча лимиттерди  кайра карап чыгууга катышат.

 

-Бишкек шаарынын конуштарындагы үй куруучулардын көйгөйлөрүн  чечүү боюнча сунуштарды кароо үчүн, кызыкчылыктарды коргоо менен  Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясына, аппараттык чогулуштарына  жана жыйынына сунуштарды киргизет;

-тиешелүү лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактар менен долбоорлоо-иликтөө, зарыл учурда илимий-изилдөө иштерин да аткарууа келишимдерди түзөт;

 

-курулуп жаткан объекттерде тастыктоодон өтпөгөн материалдарды, конструкцияларды, буюмдарды жана жабдууларды, ошондой эле туура эмес монтаждоонун, сактоонун, кампага жыюунун, ташуунун натыйжасында сапаттык мүнөздөмөлөрүн жоготкон материалдарды, конструкцияларды, буюмдарды жана жабдууларды пайдаланууга тыюу салат;

 

-жалпы курулуш жумуштары, атайын жумуштар өндүрүшүнүн журналдарынын өз убагында жана туура толтурулушуна контролду жүзөгө  ашырат, ал эми эреже бузуулар табылган учурда, кетирилген эреже бузууларды көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюу боюнча тез чараларды көрүү  жөнүндө подрядчыларга карата талап коет;

 

-өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын, автомобилдик  жолдордун, бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана башка  инфратүзүмдүн, социалдык маданий тиричиликтин объектилеринин кубаттулуктарын ишке берүүнү камсыз кылат;

 

-курулуп бүткөн объектти ишке берүүнү кабыл алуу боюнча жумушчу комиссияны дайындайт жана жүргүзөт, жумушчу кабыл алуучу комиссиянын  актысын бекитет жана белгиленен тартипте түздөн-түз Мамлекеттик кабыл алуучу комиссияга катышат;

 

-курулуп башталган объекттерди жана тиешелүү квалификациялык тастыктамасы бар курулушка жооптуу кызмат адамдарды, ошондой эле мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн органдарында автордук жана техникалык көзөмөлгө жооптуу кызмат адамдарды каттайт  жана КМЖны аткаруу үчүн тийиштүү уруксат  алат, өткөрүлүп жаткан объекттерди кайра каттайт, объекттерди куруунун жүрүшүндө мамархкурулушкөзөмөлдү жүзөгө ашырууга келишимдерди түзөт;

 

-долбоордун авторуна курулуп жаткан объекттерди ишке киргизүү  топтомдорун бөлүп берүүгө тапшырма берет.   

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                          

-ДСДны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жүрүшүндө  архитектуранын жана шаар куруунун жогорку сапаттуу денгээлин камсыз  кылуу үчүн контроль жүргүзөт.

 

КМККБнын жетекчилери:

Начальник: Омурканов Сталбек Калыкович

Тел: 0312 35-30-11

Жеке жарандарды кабыл алуу күндөрү:

Бейшемби 1500-1730

 

Начальниктин биринчи орун басары-

Абдыкеримов  Алтынбек  Бөрүбаевич

0312-456423

 

Дареги:

Бишкек шаары, Москва көчөсү,188

Кабылдама:35-30-11, факс 35-30-11,

электрондук дарек: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.