Сүрөт репортаждары
Калың жааган кар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчуларын иш менен камсыз кылды.
Күн сайын таң эреден баштап жолдорду кардан жана муздан тазалоо үчүн 500 короо шыпыргыч жана жол-эксплуатация бөлүмүнүн 40 кызматкери чыгышат. «Тазалык» МИ кызматкерлерин колдоо үчүн Биринчи балдар хосписинин ыктыярчылары келип, жумушчуларга ысык чай жана кофе беришти.
Биринчи балдар хосписинин негиздөчүсү Дина Аляева: «Күндө эрте менен жумушка баратканда көчө тазалап жаткан «Тазалык» ишканасынын кызматкерин көрөбүз. Бирок алардын татаал эмгегине маани бергендер аз. Ошол себептен биз аларды аз да болсо колдоону чечтик»,-деди. «Тазалык» МИ кызматкерлери бүгүн ысык чайдан тышкары, жылуу сөздөрдү да угуп, көңүлдөрү көтөрүлдү.
Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |