ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын чоң залында Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамынын урматына салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий транспорт кызматкерлерин калаа башчысы Албек Ибраимовдун атынан куттуктап, ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтреди каалады.


«Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, өнүгүү жана ишиңиздерге чоң ийгиликтрди каалайм»,-деди Геннадий Милицкий.


Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты:


- Боронбаев АнарбекуСамарбекович – Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жол-техникалык көзөмөл жана текшерүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;


- Иманкулов Чынгыз Мунарбекович – «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын»  МИ №2 №2 автоколоннасынын башчысы;


- Жапаралиев Оморбек - «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын»  МИ  айдоочусу;


- Куттубеков Жумамидин Кушбекович -  «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын»  МИ  техникалык бөлүмүнүн адиси;


- Сокуров Рустам Акбарбекович -  «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын»  МИ материалдар боюнча биринчи категориядагы эсепчиси;


- Жумалиева  Анархан Чоюновна – «Бишкек троллейбус башкармалыгынын»  кадрлар боюнча биринчи категориядагы инженери;


- Давыдовский Игорю Владимирович – «Бишкек троллейбус башкармалыгы» МИ жабдууларды оңдоо боюнча электр эпкери;


- Жуманов Алмазу Жумаканович - Бишкек троллейбус башкармалыгы» МИ  троллейбус айдоочусу;


Калыков Курманбек Жумашович - Бишкек троллейбус башкармалыгы» МИ  троллейбус айдоочусу;


- Иманахунов Бейшенбек Абдылдаевич -«ЮрАМ» ЖЧКсынынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер;


- Асанкожоев Жакыпжан Касымжанович - «Лига» ЖЧКсыныны жол кыймылынын коопсуздугу, техникалык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;


 - Атяков Вячеслав Владимирович - «Ника» ЖЧКсынын директорунун орун басары;


- Вулянчин Рахим Парович – «Кара-Суу Арго» ЖЧКсынын директорунун орун басары;


- Куттубаев Жумашалы Акылбекович - «Совет Бригады» ЖЧКсынын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженери.


Иш-чаранын соңунда чакырылгандар үчүн шаардык маданият башкармалыгынын концерттик программасы тартууланды.


Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лев Васильев, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын айдоочулары жана жетекчилери, Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев катышты.