ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шаардык  мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун 80 жылдык мааракесине арналган «Бишкек шаарындагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоонун заманбап аспектилери» темасында конференция жана салтанаттуу жыйын ɵткɵрʏлдʏ.
 
Борбордун жамаатын Бишкек шаарынын вице-мэри Айгʏл Рыскулова куттуктап, кызматкерлерге бекем ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.
 
Мааракенин урматына ак ниет жана жемиштʏʏ эмгеги ʏчʏн тɵмɵнкʏ кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты:
 
- Алиева Анара Салимбековна – Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун башкы эсепчиси;
 
- Бейшеналиева Айгуль – Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун  коммуналдык гигиена бɵлʏмʏнʏн башчысы; 
 
- Кулкобонова Гүлзат Дуйшенбековна –  Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун  санитардык-гигиеналык лабраториясынын дарыгер-лаборанты; 
 
- Маткеримова Турдукан –  Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун  бактериологиялык  лабораториясынын дарыгер-бактериологу.
 
Иш-чарага медициналык илимдердин доктору Р.Атамбаева, Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Лев Васильев, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин, Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Кубанычбек Кулбатыров, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун   башкы дарыгери Артур Буюклянов катышты.