ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» муниципалдык ишканасы 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине тиешелүү даярдыктарды көрдү.

Учурда муниципалдык ишкананын базасында 3100 тонна кум, 450  тонна техникалык туз бар.


Шаардын жолдорун кардан тазалоо үчүн ишканада 37 атайы техника бар. Анын ичинен: 16 МАЗ КО-806, 2 ЗИЛ-130 КДМ, 3 МАЗ КО-829 кардан тазалоочу унаалар, 4 грейфердик жүктөгүч, катуу суукта кол менен кум чачуу үчүн 7 жүктүү самосвал жана 5 трактор.


Бүгүн, 25-октябрда таң эртеден баштап Октябрь районунан 99 короо шыпыргыч жана 8 атай техника, Биринчи май районунан  156 короо шыпыргыч, 13 бирдик атайы техника, Свердлов районунан 123 короо шыпыргыч, 8 бирдик атайы техника жана Ленин районунан 151 короо шыпыргыч жана 12 бирдик атайы техника ишке тартылды.


Шаардык муниципалитет тазалыкты сактабагандарды аныктоо үчүн жарандарды маалыматтык жактан көмөк көрсөтүүгө чакырат жана арыздарды төмөнкү номерлерге калтырууга болот:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Аманович (Свердлов району) — 0555 447 154.