ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Фестиваль Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосунда   “Альфа Жаштык”, “Баатыр”, “Эдельвейс” аскер-патриоттук клубдары, “Альфа” жаштар биримдиги, андан тышкары КРнын десанттар биримдиги, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлер уюму, “Афганистан” ардагерлер биримдигинин катарында уюштурулду.

Иш-чарага калаа башчысы  Албек Ибраимов катышып, жаштар жана өсүп келе жаткан муундар үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүп туруу керектигин  белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.


Иш-чаранын максаты – патриоттуулукту ойготуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга жана спортко тартуу, Кыргызстандын элдеринин улуттар аралык достугун бекемдөө, экстремизм жана радикализм идеяларына каршы туруу.


Аталган иш-чарага жалпысынан 500дөн ашык адам катышты.