ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын имаратында Милициялар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов куттуктап, укук коргоо органдарынын иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, шаардын коопсуздугун камсыздоодогу эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.


«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Милиция кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Милиция кызматкерлеринин иши оор. Сиздер күн түн дебей, элибизге кызмат өтөп келесиздер. Сиздерге чын ден соолук, үйбүлөңүздөргө бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Ар дайым эл жерибизди коргоп, ак кызмат кылышыңыздарга тилектешмин!”,-деди калаа башчысы.


Ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты:


- Муктаров Мирлан Капарович – милициянын майору, Свердлов районунун ИИБ башчысынын орун басары;


- Бекишев Акылбек Бекишевич – милициянын полковниги, ИИББ  ККБ башчысы;


- Мамышова Назгул Ишенбековна – милициянын полковниги, ИИББ Секретариатынын башчысы;


- Турусбеков Нурлан Кемелович – милициянын подполковниги, Бишкек ШИИББ  МБКБ башчысынын орун басары;


- Шаршекеев Арсен Акылбекович – милициянын майору, Бишкек ШИИББ ОПП ага инспектору;

- Аманкулов Мирлан Эмильевич – милициянын лейтенанты, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун МБККБ изилдөөчүсү;


- Канатбек уулу Кубатбек – милициянын кенже лейтенанты,  Свердлов районунун ИИБ ЭКБ эксперти.


Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары төмөнкүлөргө тапшырылды:


- Жайлообаев Айбек Токтогонович – милициянын полковниги, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБ башчысы;


- Кулуев Мадияр Райимбекович – милициянын полковниги, Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБ башчысы;


- Султанов Уланбек Алымбаевич – милициянын полковниги, Октябрь районунун ИИБ башчысы.