ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэрии Албек Ибраимов 4-ноябрда массалык маалымат каражатарынын ɵкʏлдɵрʏн Басма сɵз жана маалымат кʏнʏ менен куттуктады.
КР басма сɵз жана маалымат кʏнʏ 1993-жылы 1-ноябрдагы Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен Массалык маалымат каражаттарынын кесиптик майрамы катары тарыхка кирди.Бул Кыргызстанда биринчи жолу 1924-жылы 7-ноябрда “Эркин Тоо” (азыркы Кыргыз Туусу) гезитинин жарыкка чыгышы менен байланышкан.
 
ϴзʏнʏн куттуктоосунда мэр Албек Ибраимов журналисттерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
 
«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкʏлдɵрʏ! Сиздерди КР Басма сɵз жана маалымат кʏнʏ менен чын жʏрɵктɵн куттуктайм! Мэриянын алгылыктуу иштерин коомго туура жана так жеткирʏʏдɵгʏ эмгегиӊиздер ʏчʏн ыраазычылык билдирем»,-деди кала башчысы.
 
Кала башысы Албек Ибраимов журналисттерди профсоюзга биригʏʏгɵ жана ЖМК ɵкʏлдɵрʏнʏн кɵп батирлʏʏ ведомстволук ʏй курууга инвесторлорду издɵɵгɵ чакырды. Ал эми мэрия курулушка жер тилкесин бɵлɵт. Журналисттер мэриянын демилгесин колдоп, ыраазычылык билдиршти.