ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2016-жылдын 9-ноябрында капиталдык оңдоодон кийин «Дельфин» кышкы сууга түшүү бассейни ачылды.

Салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышып, шаар тургундарын көптөн күткөн бассейндин ачылышы менен куттуктады жана куруучуларга ыраазычылык билдирди.


 «Урматтуу шаар тургундары! Көптөн күткөн  шаардык «Дельфин» бассейни оңдоо иштеринен кийин ачылып, шаар тургундарын, шаардын кичинекей жашоочуларын жана спортчуларын кубандырууда. Сиздерди «Дельфин» бассейнинин ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Спорт - ден соолуктун булагы деген жакшы сөз бар. Спорт менен машыгып, ден соолугубузду чыңдайлы. Ал эми мэрия спортчулардын машыгуулары үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө болгон күчүн жумшайт»,-деди мэр.


Бассейин 2011-жылдын август айында жабылган. Оңдоо-калыбына келтирүү иштери 2016-жылы гана башталган. Бассейнди реконструкциялоо   «Гарант Проект» ЖЧКсы иштеп чыккан керектүү курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык жүргүзүлдү, ал эми оңдоо иштерин конкурстан жеңип чыккан «Комстрой Компани» ЖЧКсы жүргүздү. Оңдоо иштери үч айга жетпей бүткөрүлүп, шаардык бюджеттен 57 миллион сом каражат бөлүндү.


«Дельфин» адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектеби шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын балансында.


Бассейндин ачылышына шаар тургундары жана шаар коноктору, Бишкек шаарынын  биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков, вице-мэрлер Бакытбек Дюшембиев, Геннадий Милицкий, Айгүл Рыскулова жана Эркинбек Исаков, төрт райондун акимдери, адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектептеринин тарбиялануучулары, машыктыруучулары, шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери катышты.


Маалымат: «Дельфин» адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик мектеби 1957-жылы ачылган.