ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде Улуттук илимдер академиясынын маңдайында Бишкек шаарынын мэриясынын жана демөөрчүлөрдүн колдоосунда «Планеталык атом модели» архитектуралык композициясы орнотулду.  Аталган композиция СССР убагында илимди өнүктүрүү символу болгон.

Калаа башчысы Албек Ибраимов шаар тургундарын композициянын ачылышы менен куттуктап, демилгечилерге ыраазычылык билдирди.


«Урматтуу шаар тургундары! Бүгүн СССР убагында илимдердин символу болгон «Планеталык атом модели» архитектуралык композияциясынын кайрадан ачылышында чогулуп олтурабыз. Сиздерди архитектуралык композициянын ачылышы жана Илимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бишкек шаарынын мэриясы сүйүктүү Бишкек шаарын өнүктүрүүгө арналган бардык демилгелерди колдоп келет.  Долбоордун демилгечилери мэрияга кайрылышканда кубаныч менен колдоо көрсөттүк. 

«Бишкекбашкыархитектура» шаар куруу кортундусун иштеп чыкса, муниципалдык менчик башкармалыгы жер тилкесин бөлүп берди. «Планелык атом маделинин» кайрадан жаралуусу биз үчүн маанилүү жана жагымдуу болду. Бул долбоорду демилгелеп чыккан, шаардын маданий-тарыхый көрүнүшүн жакшыртууга салымын кошкон ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем»,-деди калаа башчысы.


Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясына КР Өкмтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы «Планеталык атом модели» архитектуралык композициясын жаратууга жардам көрсөтүү арызы менен кайрылышкан. Мунун негизинде «Бишкекбашкыархитектура» МИ «Атом модели» объектси боюнча шаар куруу кортундусун иштеп чыкты, ал эми муниципалдык менчик башкармалыгы 0,0825га жер тилкесин бөлдү.


Жаңы конструкция заманбап жабдуулар менен даярдалып, жарыктандырылды. Эми кечкисин да көрүүгө болот.


Заманбап конструкция  мэриянын жана демөөрчүлөрдүн колдоосунда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын жетекчилигинин, студенттеринин жана кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылды. Моделди жасоо үчүн уюштуруучулар мурдагы сүрөттөрүн жана архивдерин колдонушту. Тилекке каршы мурдагы атом моделинин өлчөмү жана  чиймелери сакталып калган эмес.


«Атом модели» архитектуралык композициясынын ачылышына Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, юридикалык илимдердин доктору, профессор, ректор К.Керезбеков, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери, мугалимдери жана шаардык муниципалитеттин кызматкерлери катышты.