Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмдүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Бишкек шаарынын мэриясынын жана мэринин мамлекеттик саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын жана мэринин позитивдүү беделин түзүү жана колдоо.
2. Бөлүм милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- Бишкек шаарынын мэриясынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн маалыматтык ишин координациялоо, ошондой эле ЖМК менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана ыкчам маалыматтык камсыздоону жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын сүйлөп чыгууларына жалпыга маалымдоо каражаттарынын позициясы, прессадагы, телекөрсөтүүдөгү, радиодогу сын-пикирлери жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын мэрин, вице-мэрлерин ыкчам маалымдоо;
- коомдук пикирдин абалын жана Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын, ошондой эле чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын Бишкек шаарынын мэриясына жана мэрине болгон мамилесин баалоо боюнча аналитикалык иш жүргүзүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын жана мэринин күнүмдүк иш-аракеттерин ыкчам чагылдырууну уюштуруу;
- Бишкек шаарынын мэринин жана вице-мэрлеринин жумуш жана иш сапарларын, жолугушууларын, маектерин чагылдырууну уюштуруу;
- Бишкек шаарынын мэринин, вице-мэрлеринин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен басма сөз жыйындарын жана брифингдерин уюштуруу;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракеттери жөнүндө маалымдоо;
- мэрдин, вице-мэрлердин аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышын камсыздоо;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында Бишкек шаарынын мэриясынын арыздарын, чечимдерин жана билдирүүлөрүн чечмелөө жана жайгаштыруу;
- Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлгөн экономикалык жана социалдык саясатка карата калк арасында коомдук пикирди түзүү;
- маалыматтык продукттарды Бишкек шаарынын мэриясынын веб-сайтында жана башка жергиликтүү электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында, газеталарда жана телекөрсөтүүлөрдө жайгаштыруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракеттерине карата коомдук пикирдин абалы жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамилеси жөнүндө Бишкек шаарынын мэрине маалыматтарды жыйноо, талдоо, жалпылоо жана көрсөтүү;
- мэриянын жана анын бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери жөнүндө видеофильмдерди даярдоо, видео жана фонетиканы түзүү жана толтуруу;
- Бишкек шаарынын мэринин, вице-мэрлеринин Бишкек шаарынын объекттери жана чет өлкөлөр боюнча, аларды ЖМКда чагылдыруу максатында чыгууларын даярдоого, өткөрүүгө катышуу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.