ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы кичинекей бишкектиктерди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

31-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эл аралык балдарды коргоо күнүнѳ арналган майрамдык иш-чара ѳткѳрүлдү.

Майрамдык иш-чарага  калаанын реаблитациялык борборлорунан 800 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала чакырылды.

Балдар үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чыгармачылык жамааттардын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.

Калаада Эл аралык балдарды коргоо күнүнѳ арналган иш-чаралар жалпысынан 25 миң баланы камтыйт.