ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Туулган күнү: 1-июнь 1967-жыл
Улуту: кыргыз
Туулган жери: Фрунзе шаары
Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы
Билими: Фрунзе шаарындагы №58 орто мектебин бүтүргөн, 1994-жылы Бишкек коммерциялык колледжин аяктаган, 1998-жылы «экономист» адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:
1987 – 1989  -  "Тяжэлектромаш" заводунун слесардык-механикалык бөлүмүнүн устаты;  
1989 – 1991 - Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1992 – 1996 - "Илбирс" ААКнын жумушчусу, начальниги;
1997 – 2001 - "Кыргызавтомаш" ААКнын бөлүм башчысы, коммерциялык директору;   
2002 – 2004 - "Кыргызавтомаш" ААКнын аткаруучу директору;
2005 – 2006 - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министринин кеңешчиси;  
2006 – 2010 - Ишкердик иш-аракеттер;
2010 – 2011 - "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы директору;
2011 – 2012 - "Дастан" заводунун башкармалыгынын төрагасы;
2012 – 2013 - Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчисинин орун басары; 
2013 – 2016 - "Эл аралык "Манас" аэропорту" ААКнын башкармалыгынын, Директорлор кеңешинин төрагасы;
2016-жылдын 27-февралында Бишкек шаардык кеңештин XXIX кезексиз сессиясында депутаттардын көпчүлүк добуштары менен Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган.

Бишкек шаарынын мэри:

Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин жалпы жетектейт, контролдойт жана саясатын жүзөгө ашырат, ошондой эле мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялайт.
 

Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүү объекттеринин жалпы саясатын түзөт, координациялайт жана контролдойт.

 

Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, финансылык-экономикалык  жана өнөр жай саясатынын, жалпы шаардык, максаттуу программаларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун, Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракеттеринин негизги багыттарын аныктайт.

 

Администрациялык реформаларды жүргүзүүнү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тутумун өнүктүрүү, шаардык башкаруу органдарынын, анын түзүмүн жана иш-милдеттерин өркүндөтүү, оптимизациялоо жолу менен иш натыйжалуугун жогорулатуу боюнча чараларды камсыз кылат.

 

Иш кеӊешмелерин өткөрөт, Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаарынын мэриясынын бардык түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон буйруктарды жана токтомдорду чыгарат.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү бекитет.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.