ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Социалдык бөлүмдүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Социалдык бөлүм өз компетенциясынын чегинде социалдык саясат маселеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыгын көздөйт жана шаардын социалдык-маданий чөйрөсүн өнүктүрүүдө мэрдин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну координациялайт.  
2. Социалдык бөлүмдүн негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- республиканы жана Бишкек шаарын социалдык-маданий өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу;
- Бишкек шаарын социалдык-маданий өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздоо.
3. Социалдык бөлүм жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:
- жай мезгилинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоо боюнча ишти уюштурат;
- жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча программанын иш-чараларын иштеп чыгат;
- Бишкек шаарынын калкынын арасында баңгилик, тамеки чегүү, кургак учук, КИТВ/ЖИКС жайылтууну алдын алуу боюнча ишти координациялайт жана балдар жана жаштар арасында жашоонун сергек мүнөзүн түзүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзөт;
- аскер кызматына жарандарды чакырууну жүзөгө ашырууда райондун чакыруу комиссияларына көмөк көрсөтөт жана Бишкек шаарынын аймактык органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
- социалдык чөйрөдө: шаардын социалдык мекемелеринин тармагын өнүктүрүү, калктын ар түрдүү тобу менен социалдык-тарбиялоочу, дене тарбия-саламаттыкты чыңдоочу, маданий, бош убакыт иши ж.б. кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында, Бишкек шаарынын муниципалдык социалдык тапшырыгын түзүү боюнча ишти уюштурат;
- адамдарды сатууга каршы аракеттердин, пайда болгон факторлордун, адамдарды сатуу кесепеттери жана ички, тышкы миграция маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү ишинин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түшүндүрүү боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү;
- этностор аралык мамилелер маселелери боюнча ишти уюштурат;
- администрациялык райондор менен биргеликте билим берүү тутуму аркылуу диний билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерине өз убагында чара көрүүнү камсыздоо максатында, мониторинг жүргүзөт жана балдар жана жаштар арасында алдын алуу ишин жүргүзөт;
- майрамдык жана салтанаттуу күндөргө байланышту, Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттик майрамдарды жана жалпы шаардык иш-чараларды өткөрүүдө уюштуруу иштерин өткөрөт жана көмөк көрсөтөт;
- ДМЧАнын жеткиликтүүлүгү үчүн объекттердин ылайыктуулугу боюнча шаардык инфратүзүмдү контролдоону жүзөгө ашырат;
- Бишкек шаарынын жашоочуларынын шаардык маданиятын жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- социалдык чөйрөнүн маселелерин чечүү үчүн жарандардын демилгесин көрсөтүү максатынд, улуттук маданий уюмдар, илимий-чыгармачылык бирликтер, коомдук бирикмелер, өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен социалдык өнөктөштүктүн тутумун өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара аракеттенет жана көмөк көрсөтөт;
- белгилүү жашаган жери жок адамдарга социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында, маселелер комплексин чечет;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.