ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн милдеттери жана иш-милдеттери
 
1. Документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмү иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууну камсыз кылат, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун, буйруктарын жана мэриянын башка документтерин мамлекеттик тилге которууну жүзөгө ашырат. Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун жана буйруктарын, кириш жана чыгыш документтерин каттоону жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын мэриясынын Регламентине ылайык алардын аткарылышын контролдойт.
2. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү тутумун уюштуруу жаатында Бишкек шаарынын мэриясынын бирдиктүү макулдашылган саясатын ишке ашырууну иштеп чыгуу жана камсыздоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын ведомстволук архивдеринин иш-аракеттерине уюштуруучулук-усулдук жетекчилик кылуу;
- Бишкек шаарынын мэриясына жарандардын келип түшкөн каттары, арыздары жана даттануулары менен иштөөнү уюштуруу, алардын өз убагында каралышын жана аткарылышын контролдоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун жана буйруктарын эсепке алууну жана контролдоону камсыздоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну уюштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын иштөө регламентинин ченемдерин сактоо, Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүндө  жана муниципалдык ишканаларында кириш жана чыгыш корреспонденцияларынын аткарылышы боюнча иш-аракеттерди контролдоо, эсепке алуу жана координациялоо, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү контролдоо.
3. Бөлүмдүн негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Бишкек шаарынын мэринин жеке кабыл алуусун уюштурат, жеке кабыл алуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэринин тапшырмаларынын аткарылышынын эсебин жүргүзөт жана контролдойт;
- Бишкек шаарынын мэринин Коомдук кабылдамасынын ишин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасынын ишин уюштурууга катышат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэринин, вице-мэрлеринин, аппарат жетекчисинин жарандарды жеке кабыл алуу ишин координациялайт;
- ишеним телефону боюнча иш алып барат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө, муниципалдык ишканаларында документтик камсыздоо (иш кагаздарын жүргүзүү) боюнча бирдиктүү тутумдун иштешин уюштурат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын жыйынтыкталган көктөмөлөр номенклатурасын иштеп чыгат;
- келип түшкөн кызматтык корреспонденцияны кабыл алууну, эсепке алууну, жөнөтүүнү жана жеткирүүнү, кызматтык документтерди жана Бишкек шаарынын мэриясынын башка чыгыш корреспонденцияларын жөнөтүүнү уюштурат;
- кириш жана чыгыш документтерин ишке ашыруу мөөнөттөрүн контролдоону жүзөгө ашырат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун, буйруктарынын долбоорлорун жол-жоболоштуруу жана даярдоо боюнча иштерди уюштурат, кабыл алынган чечимдерди аткаруучуларга ыкчам жеткирүү, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун, буйруктарынын түп нускаларын кабыл алат, эсепке алат жана ведомстволук архивде сактоо мөөнөтү чектелгенге чейин сактайт;
- Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунун, буйруктарынын өз убагында ишке ашырылышын  контролдоону жүзөгө ашырат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын өндүрүшү менен бүткөн документтерин кабыл алууну, эсепке алууну жана сактоону, архивдик документтерди иштеп чыгууну жана мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүнү уюштурат;
- мэриянын аппаратынын кызматкерлерине жана Бишкек шаарынын муниципалдык кызматчыларына иш кагаздарын жүргүзүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жардам көрсөтөт;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында жана анын бөлүмдөрүндө документтер менен иштөөнүн регламентинин ченемдеринин сакталышын контролдойт;
- Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорун, буйруктарын жана башка документтерин мамлекеттик тилге которууну жүзөгө ашырат;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.