ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курманжан Датка эстелигинин алдында Эл аралык карылар күнүнө арналган «Жүрөктөн жүрөккө» аталышта кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы «AgeNet International»  эл аралык геронтологиялык тармагы менен биргеликте уюштурду.


Кайрымдуулук жарманкесине Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова,  Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков,  шаар тургундары жана коноктору катышты.


Өткөрүлгөн жарманкеде  карылардын колунан жасалган буюмдар,  азыктар, кийизден,  жүндөн жасалган буюмдар коюлду.


Ошондой эле жарманкенин жүрүшүндө шахмат оюндары, 100 метрге чуркоо, гимнастика, бийлөө уюштурулуп, кант диабетин алдын алуу, балдардын коопсузудугу боюнча мастер –класстар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.